• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө тургундар каналга түшүп кеткен 9 жашар кызды куткарып калды

Кырсык 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Чүйдө тургундар каналга түшүп кеткен 9 жашар кызды куткарып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй районундагы Золотая Осень дачасынан өткөн каналга (быстроток) 2013-жылы туулган К.А аттуу кыз түшүп кеткен.

Жерине 5 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин кыз жергиликтүү тургундар тарабынан куткарылып, Чүй райондук ооруканага жеткирилген. Абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий