• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир жумада өлкө аймагында 230 айдоочу мас абалында кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада мас абалында унаа айдаган 230 айдоочу кармалган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан 21 миң 174 жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен:

- айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 3 миң 134;

- тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн - 231;

- унаа каражатын эксплуатациянын эрежесин бузуу – 7 миң 234;

- ыйгарым укуктуу орган кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 31;

- унааээнбаштык – 1;

- жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын эрежесин бузуу – 1 миң 431;

- унаа каражатына түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 72;

- жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 8 миң 209;

- унаанын айнектерин караңгылатуу – 32;

- мас абалында унаа айдагандыгы үчүн - 230.

- унаа токтотуучу жайга коюлду – 801

ЖКККББ бардык айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий