• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бир жумада өлкө аймагында 247 айдоочу мас абалында кармалды

Коом 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Кыргызстанда бир жумада 247 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23нөн 29-ноябрга чейин 17 миң 718 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Анын 1 миң 601 учуру ылдамдыкты жогорулатууга байланыштуу болсо, унаасынын айнектерин караңгылатканы үчүн 37 айдоочу жоопко тартылды.

1589 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жаратса, коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 4357 айдоочуга айып пул салынган.

Жалпысынан, 1 миңден ашык автоунаа айып токтотуучу жайына жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий