• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун биринчи этабы аяктады

Экономика 0


Бишкек, 14.05.19. /Кабар/. 2019-жылдагы Бирдиктүү салык декларациясын (БСД) кабыл алуунун биринчи этабы аяктады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын жетекчиси Мукай Нусупов билдирди.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө 58 миңден ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган.

"Экинчи этапта өз маалында декларация тапшырбагандар аныкталат. Учурда андай 568 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер аныкталды. Юридикалык баа берүү үчүн алардын аты жөнү жазылган тизме прокуратурага жөнөтүлөт", - деп билдирди Нусупов.

Үчүнчү этапта БСДга анализ жүргүзүлүп, башка органдар берген маалыматтар менен дал келүүсү текшерилет. Ошондой эле мурдагы декларациялар менен да шайкештиги каралат. Кийин болсо декларация тапшырбаган адамдардын тизмеси МСКнын сайтына жарыяланат.

Пикир

Оставить комментарий