• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Биримдик” №1. Баткен эли – “БИРИМДИК” партиясы менен!

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Жетинчи чакырылыштагы парламентке шайлоого карата үгүт өнѳктүгү жыйынтыкталып жаткан кези. “Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясынын да үгүт иштерин жыйынтыктоочу аземи Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында болуп өттү. Анда ар бир облустан келген партиянын ѳкүлдѳрү сөз сүйлөштү.

Баткен облусунан келген ѳкүл Азатбек Курбанбеков буларга токтолду: “Партиянын үгүт кербени бизде болушканда жергиликтүү шайлоочулар, айрыкча, чек ара, таза суу жана сугат суусу маселелерин айтышты. “Биримдик” саясий партиясынын мүчѳлѳрү, талапкерлери биздин “Баткен” облусубузда да арбын. Талапкерлер Улугбек Кочкоров, Замирбек Осмонов, Бурун Аманова, Мамыржан Рахимов, Сайдолижон Жураев, Аширбай Жусупов, Алгынбай Имаров, Памирбек Жолболдуев - райондордогу жергиликтүү жашоочуларга партиянын алдыга койгон максаттары, идеологиясы тууралуу кеңири маалымат берди.

Баткендиктер өзүнүн ысык саламын айтып, “Биримдик” партиясын колдоорун билдиришти. Өзгөчө алыскы чек арага жакын Лейлек районунун эли да ишенимин арттырып, айтылган убадалар ишке ашат деп үмүттөнүүдө. Мен Баткен облусунан жиберилген өкүл катары, ар бир көрсөтүлгөн колдоону, берилген баталарды жеткирип келдим. Баткен эли “Биримдик” демократиялык социализм- евразиялык тандоо” партиясынын маселелерди чечүү жолун камтыган так программасы бар экенин жана бул партияга колдоо көрсөтѳѳөрүн билдирди. Баткен эли – “БИРИМДИК” партиясы менен!”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Пикир

Оставить комментарий