• 88.68
  • 95
  • 0.95

Биринчи Элдик курултайда 2 миңге жакын суроо жана сунуштар келип түштү – Кошалиев

Коом 0

Бишкек, 01.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эки күнгө созулган биринчи Элдик курултай өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында биринчи Элдик курултайдын төрагасы Кадырали Кошалиев билдирди.

Анын айтымында, 26-26-ноябрда өткөн жыйынга жалпы 1072 делегат катышты.

"Делегаттардын курамында 12 улуттун өкүлдөрү болду. Ошондой эле 924үн эркектер, 148ин аялдар түздү. 80 жаштан жогорку – 14 делегат катышты. Иш-чарада 400 делегат жарыш сөзгө жазылып, 143ү сүйлөдү. Жалпы 2 миңге жакын суроо, сунуш түштү. Алардын бардык кайрылуулары тиешелүү министрликтерге берилди", - деди ал.

Кошалиев кошумчалагандай, 5-ноябрда өлкө аймактарында, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү курултайлар өттү.

"Анда ар бир айылдан эки делегатты жергиликтүү жашоочулар өздөрү тандашты. Курултайдын делегаттарынын курамында мамлекеттик кызматкерлер болгон жок", - деди төрага.

Пикир

Оставить комментарий