• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Биринчи май районунда милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 09.02.22 /Кабар/. Биринчи май районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ИИБ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук ИИБнын милиция кызматкерлери тарабынан мектептерде интернет оюндарынын балдардын психологиялык абалына тийгизген терс таасирин түшүндүрүүгө багытталган жалпы билим берүү мекемелеринин педагогикалык курамы үчүн тегерек столдор өткөрүлдү. Ошондой эле ата-энелердин жолугушууларында ата-энелерге баланын социалдык тармактарда өткөргөн жеке убактысын көзөмөлдөөнү күчөтүү сунушталды.

Балдарды ар кандай интернет оюндарына тартуу фактыларынын алдын алуу максатында билим берүү, социалдык өнүктүрүү органдары жана психологдор менен биргеликте окуучулар менен үзгүлтүксүз профилактикалык иштер жүргүзүлүп турары кошумчаланды.

Пикир

Оставить комментарий