• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы COVID-19га каршы эмдөөнү кайдан алса болорун эскертти

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы COVID-19га каршы эмдөөлөрдү кайдан алса болорун эскертти.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, борбор калаада коронавирустук инфекциянын жайылышындагы эпидемиологиялык кырдаал курч, оорунун үчүнчү толкуну жүрүп жатат.

65 жаштан ашкан карылар, өнөкөт оорулары бар адамдар, дарыгерлер, мугалимдер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер жана бардык шаардыктар COVID-19 вакцинасын алууну улантууда.

"Гам-Ковид-Вак" (Sputnik V) вакцинациясы төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:
- Биринчи май районунун БҮМБ - 32 55 71, 0550 701 002;
- Октябрь районунун БҮМБ - 57 09 15, 0703 293 793;
- Ленин районунун №2 БҮМБ - 64 45 57, 0505 111 330;
- Биринчи май районунун №7 БҮМБ - 0550 151 528;
- Свердлов районунун №8 БҮМБ - 63 51 22, 0505 286 670.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын аймагында эмдөө бөлмөлөрү ишин улантууда, анда Sinopfharm вакцинасынын экинчи дозасы менен эмдөө жүргүзүлөт:
- Биринчи май районунун №14, 16 БҮМБ;
- Свердлов районунун №4, 9 БҮМБ;
- Октябрь районундагы №15, 19 БҮМБ;
- Ленин районунун №12, 17 БҮМБ;
- куруучулар поликлиникасында;
- "Калыс-Ордо" конушундагы медициналык амбулаториясында;
- "Учкун", "Бакай-Ата" конуштарындагы медициналык амбулаториясында,
- "Кара-Жыгач" жаңы конушундагы медициналык амбулаториясында;
- "Ак-Бата" жаңы конушундагы медициналык амбулаториясында;
- "Ак-Босого" конушундагы медициналык амбулаториясында;
- Тунгуч кичирайондогу медициналык амбулаториясында;
- Темир жол ооруканасынын поликлиникасында.

Эмдөө иштери Республикалык иммунопрофилактика борбору жана Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан координацияланат.

Бардык суроолор боюнча Эмдөө ишеним телефонуна кайрылыңыз: 313297, ошондой эле Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын Иммунопрофилактика бөлүмү: 0708 521 710, 54 65 21 жана 54 61 04.

Эмдөөлөр акысыз жана ыктыярдуу жүргүзүлөт!

Пикир

Оставить комментарий