• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясы дренаждык тармактарга таштанды таштабоону суранат

Коом 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. "Бишкек суу чарба" муниципалдык ишканасы ачык коллектордук-дренаждык түйүндөрдү кол менен жана механикалык түрдө тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө ишкананын кызматкерлери Биринчи май жана Свердлов райондорунда ачык коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо иштерин төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүүдө:

  • БЧЧКнын түштүк тарабынан Т.Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  • БЧЧК түштүк тарабы Осмонкул көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин;
  • Саадаев көчөсүнөн Полярный көчөсүнүн кесилишине чейин;
  • Можайский көчөсүнөн Кызыл-Кыйя көчөсүнүн кесилишине чейин;
  • Достоевский көчөсү Чүй көчөсүнүн кесилишинен темир жолго чейин;
  • Бакай-Ата конушу.

Белгилей кетсек ишкананын кызматкерлери 24,92 чакырым коллектордук-дренаждык тармакты тазалады.

Бишкек мэриясы жарандардан коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды таштабоону, шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий