• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы электр жарыгына мыйзамсыз туташтырууга жол берилбестигин эскертет

Коом 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы ишкерлерге электр жарыгына мыйзамсыз туташтырууга жол берилбестигин эскертет.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Биринчи май районунун акимчилиги, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы жана Батыш РЭС ишканасы энергияга мыйзамсыз туташуулар боюнча текшерүү жүргүздү.

Кыдыруунун жүрүшүндө Эркиндик бульварында, Панфилов сейил багында жана Жибек-Жолунун боюнда балмуздак жана муздак суусундук сатуучу жайлардын ишкерлери тарабынан мыйзамсыз тартылган 2 миң метрге жакын кабель чубалгылары алынды.

Бишкек мэриясы ишкерлерди соода тартиптерин сактоого чакырып, КР мыйзамдарына ылайык айыппул салынарын эскертет.

"Шаардын турмуш-тиричилигине байланышкан бардык суроолор боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номерлерине чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтүүгө болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий