• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 9-майга карата согуштун катышуучулары жана майыптары 20,4 миң сомдон алат

Коом 0

Бишкек, 16.04.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана ардагерлерине 9-майга карата кандай төлөмдөр берилерин тизмектеди.

Маалыматта айтылгандай, Жеңиш күнүнө карата республикалык бюджеттен төлөмдөргө 9 млн 934,5 миң сом каралган, алар төмөнкүдөй түрдө төлөнөт:

- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 5 адам - 20 600 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары – 23 адам - 20 400 сом;
- концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары – 8 адам - 20 400 сом;
- “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар – 11 адам - 20 400 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштагы фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) - 1 адам – 15 200 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 589 адам - 15 100 сомдон берилет.

Жалпысынан 637 адам 9 млн 934,5 миң сом бир жолку акчалай жөлөк пул алат.

Пикир

Оставить комментарий