• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы төрт эмдин ата-энесине 90 миң сом тапшырды

Коом 0

Бишкек, 05.04.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы төрт эмдин ата-энесине материалдык жардам көрсөттү, - деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 4-апрелде Октябрь акимиатынын башчысы Максим Ситников жаш үй-бүлөгө 90 миң сомго сертификат жана ымыркайларга керектүү белектерди ыйгарган.

Андан тышкары, ар бир ымыркайга 4 миң сомдон "балага сүйүнчү" жана ай сайын 810 сомдон жөлөкпул төлөнүп берилет.

Айта кетсек, бөбөктөр 31-32 жумалык болуп, биринчиси 1 кг 470 г салмакта (кыз), экинчиси 1 кг 400 г (кыз), үчүнчүсү 1 кг 705 г салмакта (эркек), төртүнчүсү 1 кг 420 г (кыз) болуп төрөлгөн.

Ымыркайлар биринчи 10 күндө туруктуу оор абалда болгондуктан, атайын респиратордук аппараттын жардамы менен дем алышып жатышкан. Ымыркайларга тийиштүү медициналык кызматтар көрсөтүлүп, дарыгерлердин үзгүлтүксүз кароосунда болушкан.

Кечээ, 4-апрелде мамлекет башчысы жаш үй-бүлөгө турак жай алуу үчүн 2 млн. сомго сертификат жана 2 орундуу 2 коляска берди.

Белгилүү болгондой, наристелерге Сооронбай, Арууке, Акчолпон, Акбермет деген ысымдар ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий