• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясында сыйлык тапшыруу аземи өттү

Коом 0

Бишкек, 18.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарындык мэриясында мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында сыйлык тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 35 жылдыгынын урматына ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн баалуу белек - кол саат менен Бишкек шаарынын мэриясы Биринчи май районунун Афган согушунун ардагери Бейшеев Жолдошбек Арзыкуловичти сыйлады.

Мындан тышкары, КР маданиятын жана санариптик технологияларын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн төмөнкү ырчыларга ардак грамоталар тапшырылды:

- Исраилов Бек Жолдошбекович;
- Раимбердиев Азат Есеналыевич.

Ыраазычылык каттары менен сыйланышты:

- Зарипов Рафаэль Талгатович - «Vision Labs» компаниясынын биометрикалык идентификация бөлүмүнүн башчысы;
- Загретдинов Тимур Гамирович – «Vision Labs» бизнести өнүктүрүү боюнча директору;
- Косумбаев Данияр Өмүрбекович – «Vision Labs» компаниясынын консультанты.

Пикир

Оставить комментарий