• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы көлмөгө унаа түшүп кетип, 4 адам каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 11.12.17./Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы көлмөгө унаа түшүп кетип, 4 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 11-декабрда болжол менен саат 13:35 чамасында катталган.

“Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында "Рахат" кафесинин жанындагы көлмөгө "Тайота Авенсис" үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышкан. Унаанын ичиндеги төрт адамдын сөөгү табылган. Учурда каза болгондордун өздүгү такталууда”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий