• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда көлмөгө түшүп каза болгон 4 адамдын өздүгү такталды

Коом 0

Бишкек, 12.12.17. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы көлмөгө унаа түшүп каза болгон 4 адамдын өздүгү такталды. Бул тууралуу бүгүн ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алар:

  1. 1973-жылы туулган К.Р. (Бишкек шаарынын тургуну);
  2. 1942-жылы туулган Ш.Т. (Нарын облусунун, Кочкор районунун тургуну);
  3. 1969-жылы туулган Ш.М. (Бишкек шаарынын тургуну);
  4. 1997-жылы туулган М.у.К. (Бишкек шаарынын тургуну).

Эске сала кетсек, кечээ, 11-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 38-чакырымында "Рахат" кафесинин жанындагы көлмөгө "Тойота Авенсис" үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышкан. Унаанын ичиндеги төрт адамдын сөөгү табылган.

Пикир

Оставить комментарий