• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсык: 2 адам каза болуп, бирөө жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 205-чакырымында кечээ, болжол менен саат 19:42лер чамасында жол кырсыгы катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, анда "Ауди-100" менен "КамАЗ" үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 2 адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, маркумдардын кыпчылык калган денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган адам райондук ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий