• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош унаа жолуна чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 26.12.17. /Кабар/. ӨКМнин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, 25-декабрда Бишкек-Ош унаа жолунун 123, 125, 127-чакырымдарында кар жаап, жол тайгак жана туман болгондуктан унаалардын жүрүшүнө кыйынчылыктар жаралган.

Маалыматка ылайык, жол тыгыны пайда болуп, унаалар токтоп калуу коркунучу жаралган.

“Болжол менен саат 20:45 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлду. №9 жол тейлөө ишканасынан 3 даана грейдер, 5 даана самосвал, 2 даана жүктөгүч жана 15 жумушчу тартылып, Бишкек-Ош унаа жолунун 123, 125 жана 127-чакырымдарында жолду кардан тазалоо жана кум себүү иштерин жүргүзүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий