• 88.68
  • 95
  • 0.95

Күзөт кызматында финансы-чарба жана мамсатып алуулар боюнча ишмердүүлүк талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.05.23./Кабар/. ИИМдин Күзөт кызматында финансы-чарба жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн сапатын жакшыртуу боюнча ыкчам кеңешме өттү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Анда ИИМдин түзүм бөлүмдөрүнүн финансы-чарба ишмердүүлүгү каралып, аны жакшыртуу боюнча маселелери талкууланды.

Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов бөлүмдөрдүн жетекчилигине мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистердин билим деңгээлин жакшыртуу, окутууларды жүргүзүү жана санарип багытында иштөө боюнча Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгына, Ысык-Көл облусунун түзүм бөлүмдөрүнүн жетекчилигине тапшырмаларын койду.

Ошондой эле, ыкчам кеңешмеде коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, мыйзам чегинде иш алып баруу, берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу боюнча талабы коюлду. Өз кезегинде түзүм бөлүмдөрүнүн финансы-чарба кызматкерлери аймактарда болуп жаткан көйгөйлөрүн айтып, аны чечүү жолдорун жетекчилик менен талкуулашты.

Республиканын бардык аймагынан келген Күзөт кызматынын эсеп-кысап бөлүмдөрүнүн адистери мындай масштабдуу алардын жыйыны биринчи жолу өтүп жаткандыгын белгилешти. Аталган иш-чара Күзөт кызматынын жетекчилик курамынын демилгеси менен өттү.

Ыкчам кеңешменин ишине КР ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы Каныбек Абдырахманов, Күзөт кызматынын начальнигинин орун басарлары, борбордук аппараттын башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн башчылары, ведомстволук милиция полкунун командири, Түштүк башкармалыгынын, Бишкек шаарынын түзүм бөлүмдөрүнүн башчылары жана Күзөт кызматынын финансы-чарба боюнча кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий