• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүндөн тарта Бишкек - Ош жолунда кичиавтобустар менен жүргүнчү ташууга тыюу салынды. Себеби

Коом 0

Бишкек, 15.10.23. /Кабар/. Бишкек - Ош унаа жолу аркылуу кышкы дөңгөлөктөрү жок кичиавтобустар жана минивэндер менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салынды.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, чектөөлөр 2023-жылдын 15-октябрынан 2024-жылдын 1-майына чейин киргизилди.

Мындай чечим кыш мезгилинде жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында кабыл алынган.

Учурда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери автобекеттерде маршруттук унаалардын айдоочуларына жолго чыкпоо керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий