• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Ош жолунда кар көчкүгө каршы туннель ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 19.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымындагы кар көчкүгө каршы туннелдин ачылышына катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, бул жол өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирет жана республиканын негизги “кан тамырынын” бири болуп саналат.

“Бул жол күн сайын кышында дагы, жайында дагы жүз миңдеген айдоочуларды тейлейт жана ошол эле учурда кар көчкү коркунучу бар. Япон өкмөтүнүн жана JICA агенттигинин жардамы менен биз жабык жол туннелин кура алдык, бул кар көчкү учурунда унаалардын токтоп калуусуна жол бербөөгө жана айдоочулардын коопсуз өтүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Туннелди республиканын уникалдуу курулуштарынын катарына ишенимдүү түрдө кошууга болот. Ал жапон технологиясы менен монолит бетондон курулуп, жолдун туурасы 30 метрге кеңетилген. Кыргыз-япон достугунун урматына аталган тоннел көп жылдар бою кызмат кылат деп ишенем”, - деген Акылбек Жапаров Япония өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, узундугу 460 метр болгон туннелдин курулушу 2019-жылдын май айында башталып, жалпы долбоордук сметалык баасы 39,2 млн АКШ долларын түзүп, учурда объекттин курулушу толук бүткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий