• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу жана жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 11.09.17. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу жана жеңил унаа кагылышты. Жол кырсыгынын натыйжасында жеңил унаанын үч жүргүнчүсү кырсык болгон жерде каза болду.

ӨКМдин маалыматы боюнча, кырсык саат 06:25 чамасында унаа жолдун 203-чакырымында катталган. “Хонда-Фит” унаасы “Вольво” жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн.

Маалыматта айтылгандай, жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгондордун сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жол кырсыгынан күн сайын орточо эсеп менен 3 адам каза болсо, жыйырмага жакыны ар түрдүү жаракаттарды алышат.

Пикир

Оставить комментарий