• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаардык мэриясынын жаңы түзүмү бекитилди

Коом 0

Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Бишкек шаардык кеңеши шаардык мэриянын жаңы түзүмүн бекитти. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мэриянын жаңы түзүмү борбордук аппараттан, 19 структуралык бөлүмдөрдөн, 4 административдик райондордун муниципалдык администрациясынан, 22 муниципалдык аймактык башкармалык, 4 райондук социалдык башкармалардан, 4 райондук билим берүү борборлордон жана 17 чарба жүргүзүү субъекттерден турат.

Муниципалитеттин түзүмүндө жаңы – экономика жана инвестиция департаменти, шаарларды куруу жана архитектура департаменти, ички аудит башкармалыгы, “Бишкек жарнама”, “Шаардык парктар” муниципалдык мекемелери пайда болгон.

Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгы шаардык чарба жүргүзүү департаментине, ал эми саламаттык сактоо системасын камсыз кылуу башкармалыгы саламаттык сактоо башкармалыгына өзгөртүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий