• 84.79
  • 96
  • 1.14

Бишкекте Исхак Раззаковдун 110 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Президент 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-октябрда Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын катышуучуларына Исхак Раззаковдун жашоосу жана ХХ кылымдын ортосунда кыргыз эли басып өткөн негизги тарыхый учурлар жөнүндө театрлаштырылган спектакль көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти сөз сүйлөп, анда Исхак Раззаков ал жетектеген мезгилде Кыргыз ССРинин индустриясын, айыл чарбасын, илим жана билимин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошконун белгиледи.

Президент Исхак Раззаковдун калыс жана адилет болгонуна көңүл буруп, анын «Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот» деген асыл кеби азыркы замандаштарыбыздын урааны болушу керектигин белгиледи.

Салтанат чыгармачыл ансамблдердин сахнага чыгуусу менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий