• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарындагы 5 суу алгычта оңдоо иштери пландалууда

Коом 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы 5 суу алгычта оңдоо иштери пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суу алуучу жайды тейлөө учурунда муздак суу берүү токтотулат.

"Суу алгычтарды өчүрүү учурунда олуттуу көлөмдөгү оңдоо жана тейлөө иштери жүргүзүлөт. Аны менен жабдуулардын жана объектилердин туруктуу иштеши үчүн негиз түзүлөт. Бул жылына эки жолу өткөрүлүүчү пландуу иш-чаралар", - деп айтылат билдирүүдө.

Жай мезгилине даярдык көрүү үчүн суу чарба курулуштарын токтотуу графиги:
-19-апрель — «Гагарин» суу алгычы;
-19-апрель – «Түштүк-Батыш» суу алгычы;
-21-апрель – «Батыш-2» суу алгычы;
-26-апрель - "Батыш" суу алуучу жайы;
-28-апрель – “Башкара-Суу” суу алгычы.

Бишкек мэриясы жарандарга ичүүчү сууну камсыздап алууну сунуштайт. Ыңгайсыздыкты азайтуу үчүн оңдоо иштери иш күндөрү күн ичинде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий