• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жетинчи кабаттан кулап кеткен жаран каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Бишкекте 7-каббаттан кулап кеткен жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунда көп кабаттуу турак үйдүн 7-кабатынын подъездинин терезесинен болжол менен 25-30 жаштагы эркек адам (аты-жөнү такталууда) 1-кабаттын чатырына кулап түшүп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя катталган жерге ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Жеринде ИИМ кызматкерлери иш-чара алып барып жаткандыгына байланыштуу, куткаруучулардын жардамы кереги жоктугун билдирилген.

Пикир

Оставить комментарий