• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте имараттардын жанындагы тосмолорду алуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарында административдик имараттардын жанындагы тосмолорду алуу иштери уланууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул жолу Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Фрунзе, Турусбеков көчөлөрү менен Манас проспектисинин боюндагы тосмолору алынды.

Тосмолорду алуу иштеринин максаты - шаар куруу жана архитектуралык ишмердүүлүк чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу болуп саналат.

Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик органдардын жана коомдук мекемелердин администрацияларынан тосмолорду өз ыктыяры менен алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий