• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэр Суракматов шаар тургундарын эртеңки Орозо айт майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйыны учурунда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаар тургундарын эртеңки Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу мусулман туугандар, сиздерди кирип келген Орозо айт майрамы менен чын дилимен куттуктайм. Ушул татаал мезгилде биз баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, биримдиктин үлгүсүн көргөзүүдөбүз. Урматтуу шаардыктар, Орозо айт ак тилектердин, сабырдуулуктун, ынтамактын айы. Максаттарыбыз орундалып, тилектерибиз кабыл болсун. Борбор шаарыбыздын тургундарына чың ден соолук, аманчылык, элибизге ынтымак каалайм. Айт маарек болсун", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий