• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга 4,06 млн сом жеңилдетилген кредит берилди

Экономика 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/.Быйыл Бишкек жана Чүй облусун газдаштырууга 34 субъектке 4,06 млн сом берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 2023-жылдын 24-ноябрында министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилген.

Долбоордун максаты - жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттары аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана материалдарды сатып алуу жолу менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин жогорулатууга мамлекетик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, кредиттөөнүн көлөмү 1 млрд сомду түзөт.

2023-жылдын 14-декабрына карата долбоордун алкагында республиканын 34 каржылоо субъекттерине 4,06 млн сом суммасына жеңилдетилген кредит берилген.

Пикир

Оставить комментарий