• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда туристтик объекттерди кургандарды 5 жылга салыктан бошотуу каралууда

Экономика 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объекттерди салгандарды 5 жылга салыктан бошотуу каралууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү өлкөнүн экономикасына 20%га чейин салым кошууга жөндөмдүү.

"Быйылкы туристтик агым Кыргызстанга суроо-талаптын чоң экенин көрсөттү, ошондуктан муну эске алуу менен Кыргызстанда мейманкана жана туристтик объектилерди салгандарды 5 жылдык салыктан, андан тышкары, артыкчылыктуу мамлекеттик долбоор макамын берүү менен бажы төлөмдөрүнөн дагы бошотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта 5 жылдыздуу мейманкаларды куруу боюнча долбоорлор бар, ошондой эле учурда Россия жана Бириккен Араб эмираттарынан дагы инвесторлор тармакка кызыгуусун билдиришүүдө", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий