• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБдеги 4 от казанды оңдоо ноябрдын аягына чейин бүтөт – Улуттук энергохолдинг

Коом 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Ноябрдын аягына чейин Бишкек жылуулук электр борборундагы 4 от казанды оңдоо иштери аяктайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКтын генерация жана энергия берүү башкармалыгынын башчысы Таалайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, Улуттук энергохолдингдин энергосистемасы күз-кыш мезгилине өтүүгө даяр. Көмүр жана мазутту сатып алуу штаттык режимде жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле ал бардык ГЭСтер боюнча Токтогул ГЭСиндеги, Күрпсай жана Үч-Коргон ГЭСдеги 3 суу казан оңдолгонун белгиледи. Ошондой эле Ат-Башы, Камбар-Ата ГЭС-2, Үч-Коргон жана Күрпсай ГЭСде 2 суу казан оңдолуп жатканын айтты.

“Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күндө 18,8 миллиард кубду түзөт. Бул жылуулук сезонунан өтүү үчүн жетиши керек”, - деди Байгазиев.

Пикир

Оставить комментарий