• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБи 550 миң тонна казак көмүрүн сатып алат

Экономика 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Жылытуу мезгилине карата Бишкек ЖЭБине 1,5 млн тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде күз-кыш мезгилине болгон даярдыктар тууралуу маалымат берип жатып энергетика министри Таалайбек Ибраев айтты.

Анын 300 миң тоннасы ЖЭБдин кампасына жыйналды. Калган бөлүгү Казакстандан жана жергиликтүү кендерден алынат.

"Биз казакстандык "Гефес" компаниясы менен 550 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча келишим түздүк. Ушул айдын аягында жеткирилип баштайт. Дагы 600 миң тонна Кара-Кечеден, 50 миң тонна Таш-Көмүрдөн ташылып келиши керек", - деди министр.

Ошентип, министр белгилегендей, быйылкы жылга карата ЖЭБ газ, мазут жана көмүр менен камсыз болду. Отундун бардык түрлөрү боюнча келишимдер түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий