• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда жыл башынан бери 69 адам сууга чөгүп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 21.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын башынан тарта 21-июлга чейинки аралыкта 69 адам сууга чөгүп каза болгон. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23%га өскөн.

"Көлгө, дарыяларга, кичи көлмөлөргө, агын сууларга чөгүп каза болгондордун арасында эркек, аял, өспүрүмдөр, ал тургай наристелер да бар. Бул сан эс алуу учурунда ар бир адам суу коопсуздук эрежелерин так сактоого, балдарын көзөмөлдөөгө чакырык таштайт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий