• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Эртеңки отурум болбой калды

Коом 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. "Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо" иши боюнча эртеңки күнү Свердлов райондук сотунда өтө турган соттук отурум болбой калды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Свердлов райондук соту Сапар Исаковду 2019-жылдын 12-июнуна чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган. Анын адвокаттары ал чечимди жокко чыгаруу үчүн Бишкек шаардык сотко кайрылган.

Адвокат Исаковду үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч менен сотко кайрылган., бирок сот бул өтүнүчтү четке каккан.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча, "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн.сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Ага байланыштуу, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, мурунку премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министр Ольга Лавровалар ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупцияга шектелип, аларга айып тагылган.

Пикир

Оставить комментарий