• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Шаардык сот Исаковду камакта калтырды

Коом 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Бүгүн, Бишкек шаардык сотунда мурунку премьер-министр Сапар Исаковду камакта калтыруу чечимин даттанууну караган отурум өттү.

Свердлов райондук соту Сапар Исаковду камакта калтырууну эки айга узартуу боюнча чечимин кабыл алгандыктан жактоочулар экинчи инстанциядагы сотко даттануу менен кайрылган. Шаардык сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мында улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКтин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий