• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекке Жиддадан келген алгачкы каттамды суу аркасы менен тосуп алышты

Коом 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-октябрда "Манас" эл аралык аэропортунда Flynas авиакомпаниясынын Жидда - Бишкек - Жидда (Мекке) багыты боюнча биринчи рейсин тосуп алынды.

2023-жылдын 21-августунан тарта Flynas авиакомпаниясы 22 кишилик бизнес-класс салону менен 174 орундуу Airbus 320neo учактары менен Жиддадан Ошко жумасына 3 жолу түз каттамдарды аткарып келет.

Жиддага каттамдар жумасына үч жолу аткарылат: шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү саат 00:05те учуу, конуу 08:30да. Кыргызстандын борборунан кайра учуу каттамдары учуп келгенден 50 мүнөттөн кийин саат 09:20да башталат. Жидда аэропортуна кайтуу убактысы 12:30.

Кыргызстанга аба каттамдарын ачуунун алдында апрель айында аба байланышы программасынын алкагында өлкөлөр ортосунда өнөктөштүк келишимдерине кол коюлган.

Расмий тосуп алуу аземине "МЭА" ААКтын аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев жана коммерция боюнча директору Тимур Аралбаев жана Flynas компаниясынын өкүлдөрү да катышты.

Маалыматка ылайык, Flynas Сауд Аравиясынын 23 багытына үзгүлтүксүз каттамдарды аткарат. Аравия, Түркия, БАЭ, Египет, Ирак, Алжир, Бахрейн, Ливан, Пакистан, Нигерия, Кувейт жана Судан. Мындан тышкары, Малайзия жана Индонезияга чартердик каттамдар аткарат.

Flynas авиакомпаниянын маршруттук тармагы жума сайын 1500дөн ашык каттамды тейлеген 70тен ашык ички жана эл аралык багыттардан турат. Эксплуатациялоонун бүткүл мезгилинин ичинде ташуучунун жалпы жүргүнчүлөр агымы 60 миллион адамдан ашты.

Пикир

Оставить комментарий