• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 12 санитардык пост орнотулду – картасы

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Бишкекке санитардык посттор аркылуу гана кирип-чыгууга болот. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, шаардын кире беришинде келгендердин саламаттыгы текшерилет, келишинин-кетишинин максаттары тууралуу маалымат алынат. Ал жерлерде медицина, ӨКМ жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барышат.

Санитардык посттордун даректери:

- Фучик менен Чоң Чүй каналынын кесилиши;

- Жаш Гвардия бульвары менен Саадаев көчөсүнүн кесилиши;

- Тоголок Молдо менен Саадаев көчөсүнүн кесилиши;

- Курманжан Датка менен Чоң Чүй каналынын кесилиши;

- Жибек-Жолу менен Лермонтов көчөсүнүн кесилиши;

- Салиева менен Ауэзов көчөсүнүн кесилиши;

- Ауэзов менен Анкара көчөсүнүн кесилиши;

- 7-апрель көчөсү (панорамага кайрылышта);

- Кожобергенов менен Жеңишке 50 жыл (Семетей көчөсүнөн жогору);

- Дэн Сяопин менен Алыкулов көчөсүнүн кесилиши;

- Муромская менен Алыкулов көчөсүнүн кесилиши;

- Кожобергенов менен Семетей көчөсүнүн кесилиши;

"Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Үйүңүздө болуңуздар, алыскы сапарга чыкпаңыздар! Бул өтө маанилүү", - деп эскертет мэрия.

Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал боюнча түшүнбөгөн учур болсо 625813, 0555839379 номерине кайрылууга же шаардык штабдын WhatsApp номерине – 0705 025 010 – жазууга болот. Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун түз байланыш номери аркылуу тиешелүү кеңеш алууга болот: 0555 920241.

Пикир

Оставить комментарий