• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мыйзамсыз орнотулган соода түйүндөрү алынды

Коом 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз орнотулган соода түйүндөрү алынды Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук акимчилигинин, шаарды көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын адистери биргеликте рейддерди өткөрдү.

Рейддин жыйынтыгында Тунгуч кичирайонунда 16 башаламан орнотулган пункт алынып, уруксатсыз орнотулган 2 жеңил объект демонтаждалган, ошондой эле Анкара көчөсүндө мыйзамсыз коюлган жарнама баннерлер алынды.

Протоколдор түзүлүп, жалпы 9 миң сомго айыппул салынды.

Пикир

Оставить комментарий