• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 25 жаштагы жигит 5-кабаттан секирип, жанын кыюуга аракет кылган

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Бишкекте 25 жаштагы жигит 5-кабаттан секирүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-сентябрда 16:10до Биринчи май районунун Рыскулов көчөсүндө жайгашкан №95 көп кабаттуу турак үйдүн жашоочусу (аты-жөнү такталууда) 5-кабаттын терезесине чыгып, өз жанын кыюуга аракет кылган.

Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, жаранды жерге түшүрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий