• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте текстиль өнөр жай тармагындагы II кыргыз-корея бизнес-форуму өттү

Экономика 0

Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Кечээ, 9-августта Бишкекте Экономика жана коммерция министрлиги Тышкы иштер министрлиги жана Корея өкмөтү менен биргеликте уюштурган текстиль жана жеңил өнөр жай тармагындагы II кыргыз-корея бизнес-форуму өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, форумга КР мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, Кыргызстандын Кореядагы элчиси, КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси, Технологияны өнүктүрүү Корей институтунун жетекчилери (KIAT), Боёк жана дизайн технологиялары институту (DYETEC) жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын максаты - тараптардын текстиль өнөр жайын түшүнүүсүн бекемдөө, өз ара алмашууга көмөктөшүү жана кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Форумда Корея менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташуунун оң динамикасын сактоо Кыргызстандын туруктуу багыты болуп саналары белгиленди. Кыргызстан менен Кореяны соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык тармактарда да тыгыз кызматташтык байланыштырып турат.

2-кыргыз-корея бизнес форуму өткөн жылы Бишкекте өткөн 1-биргелешкен форумдун логикалык уландысы болуп саналат, анда катышуучулардын саны кыйла көбөйдү, бул өнөктөштүккө болгон кызыгуунун жогору экендигинен кабар берет. Мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлөт. Кийинки бизнес форумду Кореяда өткөрүү сунушталууда.

Анда Кыргызстан дүйнөнүн өнүккөн мамлекеттеринин арасында алдыңкы орундардын бирин ээлеген Корея менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берери белгиленди

"Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө, учурда республикада Кореянын катышуусу менен 1000ден ашык компания иштеп жатат. Кыргызстан Кореянын экономикасын эң өнүккөн үлгү катары карайт жана экономиканын жана өнөр жайдын бардык тармактарына жаңы технологияларды киргизүүдө алдыңкы тажрыйбаларды жана практикалык көндүмдөрдү колдонууга даяр", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Кореянын соода жүгүртүүсү 157,6 млн долларды түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге өстү. Ал эми экспорт - 183%га өсүү менен 1,1 млн долларды, ал эми импорт 2 эсеге оң динамика менен 156,5 млн долларды түздү.

Пикир

Оставить комментарий