• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 57,7 миң адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү, анын 30 миңи II доза алгандар

COVID - 19 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Бишкекте 57 миң 722 адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү, анын ичинен 30 миң 27си 2-доза алгандар. Бул тууралуу борбор калаадагы эпидемиологиялык абал боюнча брифингде Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Эмдөө бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда шаардыктардын арасында «Синофарм» кытай вакцинасын жана «Спутник V» россия вакцинасына суроо-талаптар көп болууда. Бишкектин калкын эмдөөгө кытай жана россия өндүрүшүндөгү вакциналардын жалпы 287 миң 800 дозасы бөлүнгөн.

«Бүгүнкү күндө статистикалык маалыматтар боюнча «Спутник V» вакцинасы менен 30 миң 307 жаран эмделди, анын ичинен 15 миң 61и экинчи доза алгандар», - дейт ал.

Мындан тышкары, бөлүм башчы борбор калаада бардыгы болуп 46 убактылуу эмдөө пункту ачылганын, ошондой эле шаардыктардын ыңгайлуулугу үчүн көчмө бригада иштей турганын эске салды.

«Студенттер поликлиникасында, №5 ҮМБ, №1, 3, 7, 15 поликлиникалары күнү-түнү COVID-19га каршы эмдөө жүргүзөт»,-деди Асыкбекова.

Пикир

Оставить комментарий