• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 83 миң 357 жаран шайлоого катышты. Соңку маалыматтар

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 11-июль, саат 18:00гө карата Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоого 83 миң 357 жаран барды. Ал жалпы шайлоочулардын 19,54%ын түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Айбек Стамов билдирди.

Анын айтымында,Бишкекте 426 миң 699 шайлоочу добуш берүү укугуна ээ.

 Ленин районунда 25 миң 486 жаран шайлоого катышты (20,23%);
 Октябрь районунда 19 миң 2 (17,66%);
 Биринчи май районунда 19 миң 163 (20,56%);
 Свердлов районунда 19 миң 706 (19,72%).

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий