• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтөт

Билим 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Бишкекте адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Иш-чара эртең, 26-апрелде Бишкектеги Эмен паркында өтөт. Башталышы саат 10:00.

Фестивалда колледж жана лицейлердин адистиктеринин жарманкеси, сынактар өткөрүлүп, мода кийимдери көргөзүлүп, колледждердин чыгармачыл жамааттарынын жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы тартууланат.

Иш-чаранын максаты - колледж менен лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүн колдоо, бүтүрүүчүлөр арасында артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптер тууралуу маалымат жайылтуу жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу болуп саналат.

Фестиваль Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий