• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте айдоочу "Тазалыктын" дагы бир кызматкерин өлтүрө сүздү

Кырсык 0

Бишкек, 04.01.22. /Кабар/. Бишкекте бүгүн саат 08:15 чамасында Шабдан Баатыр көчөсү менен бара жаткан Toyota Proboks үлгүсүндөгү унаанын аял айдоочусу "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын декабрь айында ушундай эле эки окуя болгон: анда кырсыктын кесепетинен "Тазалык" ишканасынын эки кызматкери окуя болгон жерде каза болгон.

Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, натыйжада муниципалдык кызматтын кызматкери 1987-жылы туулган К.С. жаран кырсык болгон жерден каза болгон.

Учурда унаа убактылуу кармоочу жайга токтотулду. Айдоочу Тергөө кызматына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий