• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте ата-энелер жана балдардын катышуусунда спорттук иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. 27-январдан 29-январга чейин Бишкекте "Атам, апам жана мен - болобуз сонун спортчу" кышкы спорттук майрамы болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чара Шербаков жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде, №73 орто мектепте, "Тунгуч" кичирайонунда, №11 орто мектепте жана №40 орто мектептин спорт аянтчаларында өткөрүлдү.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана борбор калаанын акимчиликтери тарабынан уюштурулган.

Жыйынтыгында байге ээлери төмөнкүдөй аныкталды:

- Ленин району: I-орун, Полотовдордун үй – бүлөсү, II-орун– Чолпонбаевдердин үй-бүлөсү, III-орун Чоң-Арык Жакыпбековдордун үй-бүлөсү.;

- Биринчи май району: I-орун –Садыровдордун үй-бүлөсү, II-орун Кыдыргысов Н. үй-бүлөсү, III-орун Туманов Б.үй-бүлөсү;

- Свердлов району: I - орун Арунов Н. үй-бүлөсү, II-орун–Исабеков Р. үй-бүлөсү, III-орун Азисов А. үй-бүлөсү;

-Октябрь району: I-орун - Караев Б. үй-бүлөсү, II - орун Токтоналы уулу Эрландын үй-бүлөсү, III -орун Молдокулов А. үй-бүлөсү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине КР ИИМ БКББнын жана өнөктөштөрдөн дипломдор, медалдар, кубоктор жана эстелик байгелер, ошондой эле Октябрь акимчилигинен акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мелдештер шаардыктардын арасында өткөрүлдү. Мелдешке 35 жаштан 45 жашка чейинки жарандар, ошондой эле 10 жаштан 14 жашка чейин өспүрүмдөр катышты.

Пикир

Оставить комментарий