• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте автобус айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Бишкекте автобус айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт» муниципалдык ишканасынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана эксплуатациялоо бөлүмүнүн адистери автобустардын айдоочуларына жол эрежелерин сактоо, жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты, ошондой эле автобустун айдоочусунун кызматтык нускамасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Бишкек мэриясы шаардыктардан, айдоочулардан жол эрежесин сактоону жана мүмкүн болушунча коомдук транспортко жол берүүнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий