• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Видеобайкоо камералары аркылуу 2 миңге жакын кылмыш жана укук бузуулар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 25.03.22. /Кабар/. Өлкөдөгү коомдук жайларда видеобайкоо камераларын көбөйтүү мерчемделүүдө, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын октябрынан тартып Ички иштер министрлигинде Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борбору иштеп жатат, анын максаттары жана иш аракеттери республиканын бардык аймагында коомдук коопсуздуктун абалына мониторинг жүргүзүүгө, коомдук жайларда мыйзамдуулуктун жана коомдук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга кызматтардын координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүүгө, техникалык камсыздоону жакшыртууга, бирдиктүү координациялык платформаны түзүүгө багытталган.

Өлкөнүн аймагында коомдук коопсуздуктун абалына мониторинг жүргүзүү жана укук тартибин камсыздоо, кылмыштуулук менен укук бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу, катталган окуялар жөнүндө ыкчам маалымат берүү максатында республика боюнча 136 видеобайкоо камералары орнотулган.

Анын ичинде Бишкек шаарында -70, Чүй облусунда -10, Ош шаарында -2 , Ош облусунда - 10, Баткен облусунда - 25, Жалал-Абад облусунда -1, Ысык-Көл облусунда - 2, Нарын облусунда - 1, Талас облусунда - 15.

Бул мезгил аралыгында республиканын аймагында видеобайкоо камераларынын жардамы менен ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө 1 995тен ашык кылмыш жана укук бузуулар аныкталган, анын ичинде укук бузуулардын жана кылмыштардын бетин ачуу максатында 1 015 ашык фото жана видеотасмалар тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө аймагын кеңейтүү максатында быйылкы жылы тийиштүү программалык камсыздоону орнотуу жана өлкөнүн аймактарын кеңири камтыган тышкы видеобайкоо камераларын көбөйтүү мерчемделүүдө.

Пикир

Оставить комментарий