• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте автобус менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Бишкекте 11-февралда №107 автобус менен KIA К7 үлгүсүндөгү жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кырсык Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган.

KIA К7 унаасынын айдоочусу автобус менен бир багытта бара жатып, каршы тилкеге чыгып, автобустун сол бурчун сүрүп токтогон.

Учурда иш Милициянын кайгуул кызматында каралууда.

Белгилей кетсек, жол эрежелерин сактабаган транспорттун бардык түрлөрүнүн айдоочуларына карата КР мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт.

Шаардык муниципалитет эскертет:
- ылдам айдабаңыз, ылдамдык режимин бузбаңыз;
- унааны кылдат этияттык менен айдаңыз, айдап баратканда алаксыбаңыз;
- унаа айдап бара жатканда телефон аркылуу сүйлөшпөңүз, башка нерсеге алаксыбаңыз;
- эч качан каршы тилкеге, жол кыймылынын эрежелери тыюу салган тилкелерге чыкпаңыз.

Пикир

Оставить комментарий