• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркиянын экспортчулары кызматташуу меморандумуна кол коюшту

Экономика 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен Түркиянын экспортчулар ассамблеясы (TЭА) ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Бул эки тараптуу соода алакаларына кошумча дем берери белгиленген.

Документке 9-февралда Анкара шаарында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын жетекчилиги астында өткөн соода-эконгомикалык кыргыз-түрк биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынында кол коюлду.

Татаал геосаясий жана экологиялык чакырыктардын фонунда эки тарап эки тараптуу мамилелердин жемиштүү жана үзүрлүү динамикасын белгилешти.

Экономикалык өсүш жана түрдүү тармактарда кызматташуунун бекемделиши Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы ишенимдин жана өнөктөштүктүн жогорку деңгээлинен кабар берет.

Эки элдин жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлордун жана демилгелердин келечегин талкуулоо маанилүү кадам болду. Климаттын өзгөрүшүн жана эки өлкөнүн керектөөлөрүн эске алуу менен суу ресурстары, энергетика жана айыл чарба тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда.

Жыйын өзүнө соода жана инвестиция, банк иши, финансы, өнөр жай, энергетика, билим берүү, маалымат технологиялары, саламаттыкты сактоо, социалдык кызматтар, миграция, маданият жана туризмт өңдүү 62 пунктту камтыган иш-аракеттердин планы жана корутунду Протоколго кол коюу менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий