• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган маршрутка кырсыкка учурады, жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Бишкектеги Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде коомдук унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Унаанын ичинде 13 адам болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашты.

Жол кырсыгы кечээ кечинде болжол менен саат 20:30дар чамасында катталган. №125 маршрутка ВАЗ 21-10 үлгүсүндөгү жеңил унаа менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен улгайып калган аял ооруканага жаткырылган, калгандары жеңил жаракат алышкан.

Кырсыктын себеби айтылат элек. Чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий