• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрелде Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында борборду жашылдандыруу, бак отургузуу, таштанды чогултуу сыяктуу бир катар иш-чаралар уюштурулду.

Аталган акцияга борбор калаанын тургундары, КР Саламаттык сактоо министрлиги, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Бишкек мэриясы, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, Бишкек ден соолукту чыңдоо борборунун кызматкерлери, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү, БУУ агенттиктеринин жана Кыргызстандагы чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү, башчылары катышты. Ошондой эле ыктыярчылар да, салымдарын кошту.

Бак отургузуу аяктаган соң, скандинавдык басуу жана дагы ар кандай кѳнүгүүлѳр жасалды. Андан соң таштандыларды чогултуу үчүн катышуучулар, ыктыярчылар, «Ата-Түрк» сейил багына барышты.

Ошондой эле акция учурунда каалоочулар АИВге экспресс-тесттен өтүп, кандагы канттын деңгээлин, кан басымды өлчөтүп, сергек жашоо мүнөзү, тамеки тартуудан баш тартуу, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча кеп-кеңеш алышты.

Пикир

Оставить комментарий